Чавушоглу Давосто дагы бир маанилүү жыйынга катышты

Жыйындан кийин министр Чавушоглу Твиттерден маалымат берди.

1344861
Чавушоглу Давосто дагы бир маанилүү жыйынга катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында «Батыш Балкан дипломатиясы диалогу» жыйынына катышты.

Жабык эшик артында өткөрүлгөн жыйындан кийин министр Чавушоглу Твиттерден маалымат берди.

Чавушоглу: «Балкан өлкөсү катары Балкандардын бакубаттыгына, ал жердеги туугандарыбыздын тынчтыгына чоң маани беребиз. Европа Биримдиги аймак өлкөлөрүнө берген убадаларын орундатышы зарыл. Четтетүүчү эмес, камтуучу болушу керек» деп сереп салды.

Модераторлугун Дүйнөлүк экономикалык форумдун төрагасы Борж Бренде алып барган жыйынга Косовонун президенти Хашим Тачи, Сербиянын президенти Александр Вучич, Словениянын премьер-министри Маржан Сарец, Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов, Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде, Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристалина Георгиева жана ЕККУнун баш катчысы Томас Гремингер сыяктуу ысымдар катышты.



Тектеш кабарлар