Египеттин элчи милдетин аткаруучу өкүлү Тышкы иштер министрликке чакыртылды

Түркия менен Египеттин ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштар 2013-жылдан бери эки жактуу түрдө элчи милдетин аткаруучу деңгээлинде уланууда.

1341743
Египеттин элчи милдетин аткаруучу өкүлү Тышкы иштер министрликке чакыртылды

Египеттин Анкарадагы элчи милдетин аткаруучу өкүлү Анадолу Агенттигинин (АА) Каир кеңсесиндеги кызматкерлеринин камакка алынышы боюнча Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда ААнын Каир кеңсесиндеги кызматкерлеринин камакка алынышы боюнча Египеттин Анкарадагы элчи милдетин аткаруучу өкүлү Тышкы иштер министрлигине чакыртылып Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

Түркия менен Египеттин ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштар 2013-жылдан бери эки жактуу түрдө элчи милдетин аткаруучу деңгээлинде уланууда.

Египеттин полициясы кечээ Анадолу агенттигинин Каирдеги кеңсесин басып кирип бирөө Түркия атуулу 4 кызматкерин кармап кеткен.

Кеңсеге Түркия убактысы боюнча саат 18:00 чамаларында кирген полициялык топ иштегендердин паспорт, чөнтөк телефон жана компьютерлерин конфискация кылып байланыш курууларына бөгөт койду.

Тинтиген команда, окуядан кийин кеңсеге барган ААнын адвокатына кысым көрсөтүлгөнүнүн себебинен тийиштүү маалыматты берүүнү четке какты.

АА жана Түркиянын Каирдеги Элчилигинин адвокаттары, журналисттердин эмне үчүн кармалып кеткени жана кайда алып барылганы тууралуу Египеттин тийиштүү органдарынан талап кылышты, бирок азырынча жооп ала элек.



Тектеш кабарлар