Президент Эрдоган : "Хафтер ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан качты"

Эрдоган : «Хафтер ортого салган шарттар чыныгы жүзүн көрсөтүүдө. Андан мурунку келишимдерде өтмүшүнүн жакшы эмес экендигин жакшы билебиз".

Президент Эрдоган : "Хафтер ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан качты"

Президент Р. Т. Эрдоган козголоңчу Хафтердин кечээ Ливияда тараптардын ортосундагы кагылышууларды акырына чыгара турган ок атышпоо текстине кол койбостон Орусиянын борбор шаары Москвадан качкандыгын айтты.

Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү. Эрдоган сөзүндө ок атышпоо текстине кол койбостон Москвадан качкан козголоңчу Хафтерге каршылык көрсөттү.

«Түркия кийлигишпегенде бүгүн козголоңчу Хафтер өлкөнүн баарын колго алып, Ливия калкынын баары зулумчулуктун чеңгелине түшмөк»,- деген Эрдоган : «Ок атышпоону жазуу түнүнө алып келүү максатында кечээ Москвада болгон сүйлөшүүлөрдө Триполи өкмөтү макулдашууну жактагандыгын көрсөттү. Бул мамилеге карабастан козголоңчу Хафтер ок атышпоого кол коюуга жакындаган жок. Оболу макул болду бирок тилекке каршы Москвадан кетти, Москвадан качты жана кол койгон жок. Бирок делегациябыз ал жердеги кол койду жана азыркы учурда документ биздин колубузда. Биз  милдетибизди аткардык, мындан кийинкиси Орусиянын президенти В. Путин жана анын командасына таандык. Биз эч качан айткан сөзүбүздү танбайбыз»,- деди.

Эрдоган : «Хафтер ортого салган шарттар чыныгы жүзүн көрсөтүүдө. Андан мурунку келишимдерде өтмүшүнүн жакшы эмес экендигин жакшы билебиз.  Ок атышпоону четке кагышы бизди таң калтырган жок. Бирок бул жолу өткөн күндөн айырмаланып иштин ичинде Түркия бар. Кечээ Москвада жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн козголоңчу Хафтердин чыныгы жүзүн көрсөтүшү жактан оң кабыл алуудабыз»,- деди.

Алдыдагы күндөрдө Хафтер менен өлкөнүн мыйзамдуу башкаруусунун арасындагы тандоолорду көңүл буруу менен иликтешерин белгилеген Эрдоган : «Өлкөнүн мыйзамдуу башкаруусуна жана Ливиядагы бир туугандарыбызга карата кол салууларын уланта турган болсо козголоңчу Хафтерге ылайык болгон сабакты берүүдөн тантынбайбыз»,- деди.

Сирияда да ок атышпоону бузууну уланткан Башар Асадга каршылык көрсөткөн Эрдоган : «Керек болсо режимдин ок атышууну бузуу демилгелерине тоскоол болууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да козголоңчу Хафтердин Ливияда түзүлгөн ок атышпоо келишимине ко койбоону уланта турган болсо Берлин процессинин маанисинин жок экендигин белгиледи.

Чавушоглу : «Түркия катары президентибиздин лидерлигинде Ливияда би рок атышпоо жана тынчтык үчүн бизге түшкөн милдетти аткардык, мындан кийин да аткарууну улантабыз. Бирок бул картинада н муну көрүп жатабыз :  ким тынчтыкты, ким согушту, ким Ливияда биримдикти каалайт, ким каалабайт ортого чыккан болду»,- деди.

 



Тектеш кабарлар