Хулуси Акар: «Ливия жана Идлибде чечүүчү жол табылышы үчүн аракет кылып жатабыз»
Министр Акар, Сириянын Идлиб аймагында жана Ливияда камсыздалган ок атпоо режимине байланыштуу маалымат берди.
1340615
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сириянын Идлиб аймагында ок атпоо режими камсыздалганын жана муну аягына чейин колдогондорун белгиледи.
Министр Акар Сириянын Идлиб аймагында жана Ливияда камсыздалган ок атпоо режимине байланыштуу маалымат берди.
Идлибдеги жана Ливиядагы ок атпоо режиминин көпчүлүк жерде ишке ашып жатканын билдирген Акар: «Биз муну аягына чейин колдойбуз. Каалообуз тез арада Идлибде дагы, Ливияда дагы тынчтыктын орношу, аккан кандын токтошу»,-деди.
Хулуси Акар Түркия катары Идлибде дагы, Ливияда дагы чечүүчү жолдун табылышы үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды
Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.