Чавушоглу Хафтерге каршылык көрсөттү

Генерал Хафтер ок атпоо келишимине кол койбостон Орусиядан кетип калды.

Чавушоглу Хафтерге каршылык көрсөттү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, төңкөрүшчүл Хафтер Ливия үчүн даярдалган ок атпоо келишиммне кол койбоону уланта турган болсо Берлин процессинин маанисиз болоорун айтты.

Ливияда Түркияга каршы чыккан күчтөрдүн башында турган генерал Хафтер ок атпоо келишимине кол койбостон Орусиядан кетип калды.

Тышкы иштер министри Чавушоглу темага байланыштуу маалымат берди.

«Хафтер ушундай уланта турган болсо Берлин процесси маанисиз болот», деп сереп салган министр Чавушоглу: «Текст даяр эле, кол коюу баскычында орустар: «Хафтер эртең мененкиге чейин убакыт талап кылууда», -дешти. Учурда бул текске кол коюшпайт»,-деп айтты.

Чавушоглу: «Түркия катары президентибиздин лидерлигинде Ливияда ок атышууларды токтотуу жана тынчтык үчүн өз милдетибизди аткардык, мындан кийин да улантабыз. Бирок муну көрүп жатабыз, ким тынчтык ким согуш, ким Ливияда биримдик каалап жатат, ким каалабай жатат аныкталды»,-деди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, төңкөрүшчүл генерал Хафтердин ок атпоо келишимге кол койбостон Москвадан кетип калганын билдирген эле.



Тектеш кабарлар