ТИКА Пакистандын эң эски ашчылык окуу жайынын ашканасын жаңылады

Институттун директору Ниязи Али Малкани мекемеде Пакистандын эң белгилүү ашчыларынын чыккандыгын белгиледи.

1338003
ТИКА Пакистандын эң эски ашчылык окуу жайынын ашканасын жаңылады
tika pakistan.jpg
tika pakistan.jpg
tika pakistan.jpg
tika pakistan.jpg

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги башкармалыгы ТИКА Пакистандын эң эски ашчылык окуу жайы Туризм жана мейманкана иштетүү институтунун ашканаларын  жаңылап материалдарына жардам берүүдө.

ТИКАнын Карачи координаторлугунан берилген маалыматка караганда материалдык мүмкүнчлүгүнүн болбошунан улам жаңылана албаган жана окуучу саны азайган курстун ашканалары жаңыланып окуучулардын практика жүзүндө билим алышына мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Карачи шаарында 1967 -  жылы курулган институттун бир жылдык билим берүүдөн кийин диплом бергендигин айткан  институттун директору Ниязи Али Малкани мекемеде Пакистандын эң белгилүү ашчыларынын чыккандыгын белгиледи.

ТИКАнын колдоосу менен институттун көлөмүнүн кеңейтилгендигин жана окуучуларга жеке иштөө мүмкүнчүлүгүн сунган иштөө аянттарынын курулгандыгын билдирген Малкани окуу жайына болгон кызыгуунун кайрадан артышын күтүп жатышкандарын айтты.

Өлкөнүн белгилүү ашчыларынан жана мекеменин башкы окутуучусу  Фаизан Рахман Ахмед болсо окуучулардын жаңы ашканаларда иштеше тургандыктан кубанычтуу экендигин, жаш ашчылардын жеке жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкендерин белгиледи.

ТИКАнын Карачи координатру Ибрахим Катыржы да Пакистанда кесиптик билим берүүгө карата долбоорлорго маани беришкендерин баса белгиледи. Катыржы долбоордун экинчи этабында түрк шефтер тарабынан институттагы окутуучуларга түрк ашканасы тууралуу билим берилерин айтты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар