ПККнын аялдар түзүмүнүн эң жогорку башкаруучусуна операция жүргүзүлдү

Алынган маалыматка караганда өткөн жылы сентябрь айынын экинчи жарымында Ирактын Кандилинде Улуттук чалгындоо уюму (MİT) жана Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан биргелешкен операция жүргүзүлдү.

1337141
ПККнын аялдар түзүмүнүн эң жогорку башкаруучусуна операция жүргүзүлдү

Террордук уюм ПККнын эң жогорку аялдар түзүмү ПАЖКтын жалган башкаруучусу «Делал Нурхак» каймана аттуу Эсме Эрат жана айдоочусу жок кылынды.

Алынган маалыматка караганда өткөн жылы сентябрь айынын экинчи жарымында Ирактын Кандилинде Улуттук чалгындоо уюму (MİT) жана Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан биргелешкен операция жүргүзүлдү.

Операцияда ПККнын эң жогорку аял түзүмү ПАЖКтын координациясынын экинчи номердеги жалган башкаруучусу Эсме Эрат жана айдоочусу «Зилан Кобани» каймана аттуу террорист жок кылынды.

Террорист Эсме Эрат 1965-жылы туулган жана ПККга 1989-жылы Диярбакырдын элет жеринен кошулганы белгиленди.

1993-жылы Германиядан Сирия аянтына өтүп террорист корбашчысы Абдуллах Өжалан тарабынан саясий жана аскердик билим алган Эсме Эрат, ал убактагы ПККнын аялдар түзүмүнүн данек курамында орун алды.

2014-2015-жылдары ПАЖКтын координация жооптуусу болгон террористтин 2018-жылы ПАЖКтын Махмур-Кандил координация жооптусу болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар