Эрдоган менен Путин Ливияда ок атпоону камсыздоого чакырууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана орус кесиптеши Сергей Лавров, Эрдоган жана Путиндин Стамбулда өткөргөн жолугушуусу тууралуу биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1337361
Эрдоган менен Путин Ливияда ок атпоону камсыздоого чакырууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин, 12-январдын түн ортосунда саат 00:00дө Ливияда ок атпоонун камсыздалышы үчүн чакырык салды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана орус кесиптеши Сергей Лавров, Эрдоган жана Путиндин Стамбулда өткөргөн жолугушуусу тууралуу биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу, Эрдоган жана Путиндин жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык темаларды да карагандарын айтты.

Эки өлкөнүн Сириядагы кызматташтыгы, Идлибде ок атпоо, АКШ-Иран чыңалуусу тууралуу эмнелер жасала ала турганын, Ирак жана Ливия туурасында пикир алмашкандарын билдирген Чавушоглу: «Ливияда ок атпоонун камсыздалышы үчүн орус кесиптештерибиз менен иштеп жатабыз. Президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Путин 12-январдын түн ортосунда саат 00:00дө Ливияда ок атпоонун камсыздалышы үчүн чакырык салууда»,-деди.

Лавров да Эрдоган жана Путиндин Перс булуңунда күчөгөн чыңалууга тынчтыкчыл жолдор менен чечүүчү жол табылышы боюнча макулдашкандарын маалымдады.

Лавров, эки лидердин Ливия маселесин чечүү аракеттерине бардык тараптардын жана коңшу өлкөлөрдүн кошулуусунун мааниси баса белгиленгенин айтты.



Тектеш кабарлар