Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди
Өмер Челик ирандык командир Касым Сүлейманинин өлтүрүлүшүнүн Жакынкы Чыгыш аймагын жана эл аралык барбардык теңдемесине түздөн түз таасир тийгизе турган жыйынтыктарды жаратарын айтты.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик ирандык командир Касым Сүлейманинин Америка операциясында өлтүрүлүшүнүн Жакынкы Чыгыш аймагын жана эл аралык барбардык теңдемесине түздөн түз таасир тийгизе турган жыйынтыктарды жаратарын айтты.
Өмер Челик өткөргөн пресс – жыйынында күн тартиби тууралуу маалымат берди.
2020 – жылдын чоң саясий кризистерге, маселелерге жана эл аралык карым- катнаштарда маселелердин чыгарын көрсөткөн бир окуя менен башталгандыгын белгилеген Челик Сүлеймани менен Хашди Шаби уюмунун төрага орун басары Эбу Мехди ел-Мүхендистин кол салууда өлтүрүлгөндүгүн эске салды.
Челик Ирактын чыңалуу абдан жогору болгон аймак экендигин айтып сөзүн төмөнкүчө улантты : «Бул кыймылдан кийин Ирандын атомдук келишимден толугу менен чегингендигин жарыялашы, Иракта аэропорттожасалган бул кол салуунун бир гана аймакты эле эмес, дүйнөгө да кандай таасир берерин көрсөтүшү жактан символдук билдирүү болду. Ошондуктан Ирактын жана аймагыбыздын жана дүйнөнүн коопсуздугу, ырааттуулугу жактан тескери жыйынтыктарды жарата турган абалдар ушундайча чыккан болду».
Бул кол салуунун аймактагы ыраатсыздыкты дагы көп арттырарын белгилеген Челик бири бирине карата коркутуулардын барган сайын күч алгандыгына көңүлдөрдү бурду.
Тектеш кабарлар

Эрдоган Дүйнөлүк суу күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Эрдоган Дүйнөлүк Суу күнүнө карата социалдык медиа эсебинен бөлүштү.