Сүлейманинин өлтүрүлүшү аймактын тынчтыгына коркунуч жаратты
Мевлүт Чавушоглу: «Масенин чечилүүсү же чыңалуунун азайтылуусу үчүн берки өлкөлөр менен бирге аракет кылууну улантабыз».

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кудс күчүнүн командири ирандык генерал Сүлейманинин АКШнын кол салуусунда өлтүрүлүшүнүн аймактын ырааттуулугуна чоң коркунуч жаратканын баса белгиледи.
Чавушоглу 2019-жылдын тышкы саясатына баа берүү жыйынын өткөрдү.
Мевлүт Чавушоглу Сүлейманинин өлтүрүлүшүнүн аймактын тынчтык жана ырааттуулугуна олуттуу коркунуч жаратканын белгилеп: «Бул масенин чечилүүсү же чыңалуунун азайтылуусу үчүн алдыдагы күндөрдө дагы берки өлкөлөр менен бирге аракет кылууну улантабыз»,-деди.
Тийиштүү баардык тараптар менен жакын байланыш куруп жаткандарын белгилеген Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдогандын Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Ирандын президенти Хасан Рухани, Ирактын президенти Берхем Салих, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Англиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель сыяктуу берки өлкөлөрдүн лидерлери менен да алдыдагы күндөрдө сүйлөшө турганын билдирди.
Чавушоглу өзүнүн дагы Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Англиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб, Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Сани, Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн кабарлады.
Түркиянын тынчтык үчүн таштала турган баардык кадамдарда дайыма лидерлик ролду милдеттенгенин баса белгилеген Чавушоглу: «Бул масенин чечилүүсү же чыңалуунун азайтылуусу үчүн алдыдагы күндөрдө дагы берки өлкөлөр менен бирге аракет кылууну улантабыз. Белгилүү болгондой шаршемби күнү да Орусиянын президенти Владимир Путин Стамбулга келет. Путин менен урматтуу президентибиз жеке өздөрү карап чыгышат. Өзгөчө бул жерде баардыгыбыздын жалпы санаркоосу Ирактын берки өлкөлөр үчүн кагылышуу аянтына айланбашы. Бул Ирак жана аймагыбыз үчүн чоң коркунуч болуп саналат. Ирак менен да байланыш куруп жатабыз. Ошондуктан бул чыңалууну басаңдатуу үчүн өз милдетибизди аткарууну улантабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар

Тогг Антальяда чоң кызыгуу көрдү
Автоунаа сүйүүчүлөрү Тоггду абдан жактырышкандарын айтып, фото жана видеого тартышкан.