Президент Эрдоган:"АКШ-Иран чыңалуусу Ирак аркылуу күчөтүлдү,санааркап жатабыз"
Президент Режеп Таййип Эрдоган, жеке менчик бир телеканалга күн тартип тууралуу маек куруп берди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун Ирак аркылуу күчөтүлгөнүнө санааркап жатканын айтты.
Президент Эрдоган, жеке менчик бир телеканалга күн тартип тууралуу маек куруп берди.
Эрдоган, ирандык генерал Касым Сүлейманинин АКШнын операциясы менен «атайын билип туруп Иракта» өлтүрүлүшүнөн келип чыккан тобокелдиктер Ирактын дагы, аймактын дагы коопсуздугу үчүн санааркатуучу болгонун айтты.
Чыңалуунун азайтылышы үчүн Түркия катары демилге көтөргөндөрүн белгилеген президент, Иран жана Ирак баш болгон лидерлер менен сүйлөшүүлөрүндө тынчтанууну сунуштаганын билдирди.
Президент Эрдоган, Түркия катары тышкы кийлигишүүлөргө ар дайым каршы тургандарын, Сүлеймани окуясына да ушундай карагандарын айтты.
Операция болгон бейшемби күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрүн эске салган Эрдоган: «Иран менен чыңалууну күчөтпөө сунушун кылгамын. Ага карабастан 4-5 сааттан кийин бул окуя болду»,-деди.
«Бардык тараптар зыян тарта турган бир жерге келе электе чыңалуунун тизгинделиши керек»,-деп айткан Эрдоган, 8-январда Түркияга келе турган Орусиянын президенти Владимир Путин менен аймактык жана эки тараптуу бардык абалдарды кылдат иликтей тургандарын белгиледи.
Президент: «Бир өлкөнүн, бир мамлекеттин эң жогорку баскычындагы командирин өлтүрүү жоопсуз калтырылбайт го деп ойлойм»,-деп эскертти.
Президент Эрдоган бир суроого жооп иретинде Ливия менен жетишилген келишимге ылайык Түрк аскеринин бөлүк бөлүк түрүндө бул өлкөгө барганын жарыялады.
Тектеш кабарлар

Тогг Антальяда чоң кызыгуу көрдү
Автоунаа сүйүүчүлөрү Тоггду абдан жактырышкандарын айтып, фото жана видеого тартышкан.