Эрдоган Рухани жана Салих менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирактын президенти Берхам Салих менен телефондогу сүйлөшүүсүндө аймактагы кризисти чечиш үчүн кызматташуу керектигине токтолду.

1334752
Эрдоган Рухани жана Салих менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Ирактын президенти Берхам Салих менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда президент Эрдогандын Рухани жана Салих менен сүйлөшүүсүндө аймактагы акыркы абалдарын жана эки тараптуу карым-катнаштардын каралганы маалымдалды.

Президент, Сүлейманинин расмий наамы болгондуктан Ирандын президентине көңүл айтканы маалымдалды.

Сүйлөшүүдө Сүлеймани үчүн «шейит» деген сөз айтылган жок.

Эрдоган, дипломатиялык карым-катнаштардын маанисин баса белгилеп, Иранга чыңалууну күчөтө тарган кадамдарды таштоодон алыс туруу чакырыгын салды.

Эрдоган менен Салихтин сүйлөшүүсүндө аймактагы кризисти чечүү үчүн аймайтык жана эл аралык кызматташтыкка муктаждык бар экендиги баса белгиленди.

Телефондогу сүйлөшүүдө эки президент айрыкча радикалдык агымдар жана терроризм менен күрөшүүнүн өлкөлөрдүн арасындагы кызматташуу менен аймактык кризисти чечүү боюнча бирдей көз карашта экендиктерин тастыкташты.



Тектеш кабарлар