Түркия Ливияда Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдоону улантат

Хами Аксой Араб лигасы кеңешинин туруктуу өкүлдөрү деңгээлинде Ливия маселеси каралган кезексиз жыйын тууралуу бир суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1332841
Түркия  Ливияда  Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдоону улантат

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами  Аксой Түркия ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да Ливиянын мыйзамдуу өкүлү болгон Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдоону улантарын жарыялады.

Хами Аксой Араб лигасы кеңешинин туруктуу өкүлдөрү деңгээлинде Ливия маселеси каралган кезексиз жыйын тууралуу бир суроого жазуу түрүндө жооп берди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан Ливиянын бир гана мыйзамдуу өкүлү катары кабыл алынгандыгын айткан Аксой бир тараптан козголоңчу Хафтер тарабынан борбор шаар Триполиге карата көптөгөн айлардан бери болуп келе жаткан тышкы аскердик кол салууларга Араб лигасынын  үн катпагандыгын, эл аралык мыйзамдуулуктун жанында  каршы кыймыл кыла албагандыгын эске салды.

Аксой Түркиянын Ливияда саясий чечүүчү жолдун түзүлүшү үчүн оболу кол салуулардын токтотулушу жана дароо ок атышпоонун түзүлүшү керектигин башынан бери жактап келгендигин белгиледи.

Аксой : «Түркия ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да Ливиянын мыйзамдуу өкүлү Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдоону улантат ; Ливия калкынын туруктуу тынчтык жана ырааттуулукка жетиши үчүн бардык аракетти көрсөтөт»,- деди.



Тектеш кабарлар