Жаракат алган аскер шейит болду

Бул аскер «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта кызмат өтөп жүргөн.

1332375
Жаракат алган аскер шейит болду

Сириянын Тель-Абьяд районунда болгон жардырууда жаракат алган бир аскер, дарыланып жаткан ооруканада шейит кетти.

Маалымдалгандай «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта кызмат өтөгөн бир аскер, 29-декабрда Тель-Абьядда болгон жардырууда жаракат алды.

Аймактагы алгачкы дарылоодон кийин Шанлыурфага жеткирилген аскер дарыланып жаткан ооруканада шейит болду.



Тектеш кабарлар