Президент Эрдоган : "Молдовадагы ФЕТӨ мектептеринин Маариф фондуна өткөрүлүшүн күтүүдөбүз"

Эрдоган : «Гагавуз түрктөрү Молдова менен арабыздагы эң бекем достук көпүрөлөрүнүн бири»,- деди.

1332338
Президент Эрдоган : "Молдовадагы ФЕТӨ мектептеринин Маариф фондуна өткөрүлүшүн күтүүдөбүз"

Президент Р. Т. Эрдоган Молдовадагы Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ мектептеринин Түркия Маариф Фондуна  өткөрүлүшүн күтүшкөндөрүн айтты.

Президент жана Молдованын президенти Игорь Додон борбор шаар Анкарада президенттик комплексте биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү.

Молдованын жеринин бүтүндүгү, ырааттуулугу, бейкуттугу жана өнүгүшүн колдошкондорун белгилеген Эрдоган ноябрь айында курулган жаңы өкмөткө да Молдова калкына кызмат кылуу жолунда ийгилик каалады.

Түркиянын бардык мекемелери менен Молдованын жанында экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Гагавуз түрктөрү Молдова менен арабыздагы эң бекем достук көпүрөлөрүнүн бири»,- деди.

Эрдоган молдовалык туристтердин эс алуу үчүн биринчи орунда Түркияны тандашынан кубанычтуу экендерин айтып : «Молдованын ФЕТӨ менен күрөшүндө өзгөчө ФЕТӨ менен байланыштуу кишилердин тапшрылышында берген колдоосунан улам ыракмат айткан Эрдоган : «Муну менен бирдикте өлкөдөгү ФЕТӨ мектептеринин Түркия Маариф Фондуна өткөрүлүшүн күтүп жатабыз»,- деди.

Молдованын президенти Додон да Молдова өкмөтүнүн Түркиянын бир топ тармакта стратегиялык өнөктөшү экендигине ишенгендигин айтты. Молдовадагы чет элдик капиталдуу инвесторлордун арасында түрктөрдүн  6 -  орунду алгандыгын белгилеген Додон : "Биз түрк инвесторлорго керектүү колдоону түрдүү тармактарда берүүгө даярбыз",- деди. Додон эки өлкөнүн карым  - катнаштарына көрсөтүлгөн колдоодон улам бардык Молдова жарандарынын атынан Эрдоганга ыракмат айтып, жаңы жылдын эки тараптуу жана стратегиялык кызматташуу жактан маанилүү болорунан үмүт кылгандыгын билдирди. 

Пресс – жыйындан мурда президент Эрдоган жана кесиптеши Додондун алдында келишимдерге кол коюу аземи болду.



Тектеш кабарлар