Президент Р. Т. Эрдоган христиандарды куттуктады

Эрдоган христиан жарандардын 24 -  декабрь Рождество майрамына карата куттуктоо жарыялады.

1328549
Президент Р. Т. Эрдоган христиандарды  куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган бардык христиан ааламын Рождество майрамы менен куттуктады.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган христиан жарандардын 24 -  декабрь Рождество майрамына карата куттуктоо жарыялады.

Эрдоган куттуктоосунда : «Тектүү тарыхыбыздан алган тажрыйба жана илхам менен теги, улуту, сектасы, ишеничине карабастан бардык жарандарыбыздын өз маданият, дин жана салттарын эркин түрдө аткарууларына маани беребиз.

Айырмачылыктарды байлык катары түшүнүп, оптимисттик, урмат – сый жана адилекттиктин, биримдиктин негизи деген аң – сезим менен келечекке карай кадам таштап, тынчтык ичинде бирдикте жашап, бул аймакта орток бир келечек куруу тууралуу чечкиндүүлүгүбүздү улантабыз.

Түрдүү секта, салт жана чиркөөлөргө таандык христиан жарандарыбыздын өз ишеничтеринин негизинде майрамдаган Рождествонун тилектештик жана оптимисттиктин өнүгүшүнө себеп болушун каалап, эң башта христиан жарандарыбыз жана бүткүл дүйнөдөгү христиан ааламын Рождествосу менен куттуктайм»,- деди.



Тектеш кабарлар