Түркиянын Сирия жана Ливияда таштаган кадамдары бир топ оюнду бузду

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын маалымат берди.

1327764
Түркиянын Сирия жана Ливияда таштаган кадамдары бир топ оюнду бузду

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Сирия жана Ливияда таштаган кадамдары бир топ оюнду бузгандыгын айтты.

Калын 14-декабрда Стамбулда ачылган Үмрание китеп жарманкесинин жабылышындагы маектешүүгө катышты.

Ибрахим Калын көптөгөн тармакта өнүккөн Түркиянын тышкы саясатта да маанилүү кадамдарды таштаганына токтолду.

Калын акыркы мезгилде тышкы саясатта Сирияда, Ливияда ташталган кадамдардын бир топ оюнга бөгөт болгонун билдирди.

Тең-салмактуулук бузулгандыктан Түркияга көрсөтүлгөн каршы чыгуулардын күчөгөндүгүн белгилеген Ибрахим Калын: «Бирок Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы менен ташталган кадамдарыбызга көрсөтүлгөн каршы чыгуулар жана Ливия менен түзүлгөн келишимдерибизге болгон каршы чыгуулар дагы биздин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктарыбызды коргоого, сактоого карата аракетибизди акырындата албайт. Тескерисинче бул тармактарда биз чечкиндүү, принциптүү мамилебизди мындан ары да улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар