Президент Эрдоган жума күнү жергиликтүү автомобиль долбооруна катышат

Президент  Стамбул аэропортунда «2019  профессор доктор Фуат Сезгин жылынын жабылуу аземине» катышты.

1328350
Президент Эрдоган жума күнү жергиликтүү автомобиль долбооруна катышат

Президент Р. Т. Эрдоган жума күнү Түркиянын автомобиль долбоорун таанытуу аземине катышат. Президент  Стамбул аэропортунда «2019  профессор доктор Фуат Сезгин жылынын жабылуу аземине» катышты.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө  европалык илимпоздор илимий тажрыйба менен тааныша электе ислам шаарларынын көпчүлүгүндө абдан баалуу чыгармалардан турган китепканалардын болгондугун айтып, бул китепканалардын исламдык илимде жана позитив билимдерде миңдеген аалым жетиштиргендигин белгиледи.

Цивилизациялар тарыхын, ислам цивилизациясын көрбөстүккө салып жазуунун мүмкүн эмес экендигин айткан Эрдоган Түркия катары бул аң  - сезим менен билим жана технология тармагында бүгүн улуттук жана эл аралык деңгээлде чоң кадамдарды таштоого аракет кылып жатышкандарын айтты.

Эрдоган коргоо өнөр жайларын кургактыкта, деңизде жана абада күчтүү кыла турган 700дөн ашуун долбоорду бир эле учурда жүргүзүшкөндөрүн белгилеп, Түркиянын учкучсуз унаа аппараты технологиясында дүйнөнүн биринчи 4 өлкөсүнүн бири экендигин белгиледи.

Менчик сектордун коргонуу өнөр жайында жана соода темаларында сыймыктандыруучу иштерди аткаргандыгын айткан Эрдоган : «Буйруса жума күнү Түркиянын автомобиль долбоорун таанытуу аземине катышабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар