Президент Эрдоган Швейцарияга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган Биринчи Глобалдык Качкындар Форумуна катышуу үчүн Швейцарияга кетти.

1324288
Президент Эрдоган Швейцарияга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган Биринчи Глобалдык Качкындар Форумуна катышуу үчүн Швейцарияга кетти.

БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгы менен Швейцариянын кожоюндугунда 17 – 18 -  декабрда өткөрүлө турган форумга президент Эрдоган, БУУнун Качкындар Жогорку Комиссары Филиппо Грандинин чакыруусу менен тең төрага катары катышат.

Эрдоган БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш да катыша турган форумдун ачылуу отурумунда катышуучуларга кайрылат.

Качкындарга карата тарыхта биринчи жолу өткөрүлгөн форумга ар башка өлкөлөрдөн качкындар, өкмөт жана мамлекет башчылары, БУУнун лидерлери, эл аралык мекемелер, өнүгүү уюмдары, иш дүйнөсүнөн лидерлер, жарандык коом мекемелеринин өкүлдөрү менен гуманитардык жардам мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган 2 миңден ашуун делегация катышат.

БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгынан берилген маалыматта дүйнөдө 70 миллиондон ашуун кишинин согуш менен зулумчулуктан жерлеринен кеткендиги белгиленип : «Форумдун максаты качкындарга жана ичинде жашаган коомдорго жардам берүү үчүн түрдүү актерлордон жаңы жана узун мөөнөттүү убадаларды алуу»,- деп билдирилди.

Президент Эрдоган Женевадагы жолугушууларынын негизинде президенттик тарабынан «Турмуш уланууда, көркөм өнөр уланууда» деген темада Түркияда жашаган сириялык өнөрпоздордун чыгармаларынан чогултулган аралаш сүрөт жана фтогорафия  көргөзмөсүнүн ачылышына да катышат.

Стамбул Ататүрк аэропортунан учкан президентти сапарында жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана финансы министри Берат Албайрак, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, үй  - бүлө жана эмгек, социалдык тейлөө боюнча министр Зехра Селчук, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын аткаруучу өкүлү Нуман Куртулмуш менен Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Жевдет Йылмаз коштоодо.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар