Хулуси Акар:"НАТОдон узак туруу сыяктуу ниетибиз жок"
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар,Мюнхендин коопсуздук конференциясынын башчысы элчи Вольфганг Ишингердин суроолоруна жооп берди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын НАТОдон узак туруу сыяктуу ниети жок экенин айтты.
Акар, Катарда өткөн 19-Доха форумунун алкагындагы Катардын коргонуу министри Халид Бин Мухаммед эл-Аттийе менен катышкан «Бузулган дүйнө тартиби; Ортого чыккан глобалдык коопсуздук маселелерин жаңычыл чечүүчү жол менен чечүү» аттуу отурумда Мюнхендин коопсуздук конференциясынын башчысы элчи Вольфганг Ишингердин суроолоруна жооп берди.
Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын алышынын НАТОго жана Түркиянын шериктештикке мүчөлүгүнө таасирлери тууралуу суроо боюнча Акар: «Биз, НАТОнун шериктешибиз. Дагы деле НАТОнун борборундабыз. Эч бир жерге кеткен жокпуз, НАТОдобуз»,-деп жооп берди.
Түркиянын Орусиядан С-400 алышынан кийин АКШнын F-35 согуштук учактары долбоорунда Түркияга маселе жаратуусуна токтолгон Акар: «Бир чечүүчү жол табыла турганына ишенүүдөбүз. Анткени биз F-35тердин кардары эмеспиз, өнөктөшүбүз. Бул өнөктөштүк үчүн орто эсеп менен 1,5 миллиард доллар төлөдүк. Биз кантип керектүү нерсени кылган болсок, бул өнөктөштүктүн берки тарабынан, АКШдан ушундай нерсени күтүүдөбүз. Андай болбосо С-400дөрдө болгону сыяктуу мажбур түрдө башка жолдорду издеп муктаждыктарыбызды жойгонго аракет кылабыз»,-деп айтты.
Түркиянын НАТОго карата жооперчиликтерин орундатканын баса белгилеген Акар: «Биз НАТОнун борборундабыз. НАТОдон узак туруу сыяктуу ниетибиз же аракетибиз жок»,-деди.