БУУ Түркия-Ливия келишимине каршы чыкпайт

БУУнун басма сөз катчысы Фархан Хак маалымат берди.

1321982
БУУ Түркия-Ливия келишимине каршы чыкпайт

Бириккен Улуттар Уюму, мүчө өлкөлөрдүн деңиздердеги ээлик кылуулар, ээлик укуктары жана ыйгарым укуктуу аянттарга байланыштуу темаларда каршы чыкпагандарын билдирди.

БУУнун басма сөз катчыларынан Фархан Хак, Түркия менен Ливиянын ортосунда кол коюлган деңизде ыйгарым укуктуу аянттарга чек коюлушу жөнүндөгү меморандум темасында уюмдун, мүчө өлкөлөрдүн деңиздердеги ээлик кылуулар, ээлик укуктары жана ыйгарым укуктуу аянттарга байланыштуу темаларда каршы чыкпагандарын бирок белгилүү аймактарда үчүнчү тараптардын кызыкчылыктарынын эске алынышы керектигин белгиледи.

Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында, бардык кызыкдар тараптарды мындай кылдат темаларда диалогду улантуу жана пикир келишпестиктерди тынчтыкчыл жолдор менен чечүүгө чакырды.

Бир тараптан Греция БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин декабрь айындагы кезектеги төрагасы АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Келли Крафтка кат жөнөтүп Түркия боюнча даттанды.

Түркиянын Эл аралык деңиз укуктары келишимин бузгандыгын айткан Греция БУУнун Коопсуздук кеңешин жыйын өткөрүүгө чакырды.

Түркия менен Ливиянын ортосунда 27-ноябрда «Коопсуздук жана аскердик кызматташтык боюнча меморандум» менен эки өлкөнүн эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарынын корголушун максаттаган «Деңизде ыйгарым укуктуу аянттарга чек коюлушу боюнча меморандумга» кол коюлган эле.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чечимине ылайык Түркия менен Ливиянын ортосунда кол коюлган меморандумдун 2019-жылдын 8-декабрында күчүнө киргендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар