Эрдоган: «Нобелдин Хандкеге берилиши вампирлер коомчулугунун пайда болгондугун ортого салууда»
Президент Эрдоган, Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын Питер Хандкеге берилишине каршылык көрсөттү.
Президент Эрдоган, Нобелдин адабият боюнча сыйлыгын Питер Хандке делген вампир интеллигенттер тобунун өкүлүнө бериши, вампирлер коомчулугунун пайда болгондугун ортого салганын айтты.
Президент Эрдоган Анкара Соода палатасында (Congresium) уюштурулган Эл аралык жергиликтүү жетекчиликтердин 6-Аялдар кеңешинде сөз сүйлөдү.
Нобель сыйлыгына карата каршы чыгууларга байланыштуу Эрдоган: «Бул каршы чыгууларга колдоо көрсөткөн баардык саясий лидерлерге жеке өзүмдүн жана улутумдун атынан ыраазычылык билдиремин»,-деди.
Президент Эрдоган: «Нобелдин сыйлыкты Питер Хандке делген вампир интеллигенттер тобунун өкүлүнө бериши, вампирлер коомчулугунун пайда болгондугун ортого салууда. Бул берилген сыйлык урматтуу Азиз Санжар агайыбызга, Орхан Памукка ыйгарылган сыйлык сыяктуу эмес. Эч кимди алдай албайсыздар»,-деп айтты.
Нобелдин 2019-жылдагы адабият боюнча сыйлыгы, Сребреница кыргынын четке каккан, мурунку серб лидер Милошевичти колдогон австриялык жазуучу Питер Хандкеге берилген эле.
Босниялыктардын өздөрүн өздөрү өлтүргөндөрүн айткан Хандкенин сыйлык алышы, Нобелдин тарыхына кара так катары катталып, эл аралык коомдук пикирде нааразылык жараткан болчу.
Тектеш кабарлар
Фидан журналисттердин суроолоруна жооп берди
"Түркиянын Дамасктагы элчилиги кайрадан ачылабы?" деген суроо узатылды.