Эрдоган ахыска түрктөрү менен жолукту

Он миңдеген ахыска түркүнүн Грузиядагы мекендеринен сүргүн кылынышынын 75-жылында окуяга күбө болгон 30 киши, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) уюштурган иш-чарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

1321265
Эрдоган ахыска түрктөрү менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ахыска түрктөрүн колдоону жана аларды коргоону уланта тургандарын айтты.

Он миңдеген ахыска түркүнүн Грузиядагы мекендеринен сүргүн кылынышынын 75-жылында окуяга күбө болгон 30 киши, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) уюштурган иш-чарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

Ахыска түрктөрүнүн бир бөлүмүнүн 75 жыл мурда капыстан таштоого аргасыз болушкан үйлөрүнө кайра кайтууларынын укуктуу жана намыстуу күрөшүн уланткандарын баса белгилеген Эрдоган, Түркия катары адилеттик орундатылышы үчүн өздөрүнүн эл аралык укук жана эрежелердин негизинде бул процесске колдоо көрсөткөндөрүн билдирди.

Эрдоган: «Буюрса мындан кийин да сиздердин дооңорду биздин дообуз деп билип, Грузиянын тийиштүү органдары жана ошондой эле Европа Кеңеши багытында иштерибизди улантабыз. Бул тема Грузия менен карым-катнаштарыбыздын жана Түштүк Кавказияга карай саясатыбыздын алдыңкы пландарынын арасында орун алышын улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар