Расулайындык ишкана ээси түрк армиясына ыракмат айтты

Сириялык жаран башынан өткөндөрдү төмөнкүчө айтып берди : «Түрк армиясына ыракмат айтабыз. Алардын саясында кутулдук".

1318734
Расулайындык ишкана ээси түрк армиясына ыракмат айтты

Сириянын Расулайн районунда «Тынчтык булагы» операциясы менен күнүмдүк турмуштун калыбына келишинен кийин иш жерин кайрадан ачкан сириялык ишкана ээси Мехметчикке ыракмат айты.

Улуттук коргоо министрлиги твиттерден «Расулайындык боордошторубуздун айткандарына кулак салгыла» деген маалымат берилди.

Маалыматта сириялык жаран башынан өткөндөрдү төмөнкүчө айтып берди : «Түрк армиясына ыракмат айтабыз. Алардын саясында кутулдук. Араб болгонубуз үчүн иштей албайт элек. ПКК/ЙПГ кирешебиздин жарымын албастан иштешибизге уруксат бербей жаткан. Биз үйлөрүбүздөн чыгып бул жерге келдик. Ишеним ичиндебиз. Уюм бизди тынч койбостон, жашообузга да уруксат берген жок. Мен элет жеринде жашачумун. Халепке келе жаткам. 20 миллион лирамы тартып алышты, бир тыйынсыз калдым. Түрк боордошторума жана армиясына ыракмат айтам. Дүкөнүмү ачуу үчүн жардам беришти. Алла ыразы болсун.Президент Р. Т. Эрдоганга жанатүрк армиясына ыракмат айтам. Электр бар, баары жолунда. Мындан да мыктысы болбойт. Кудайга шүгүр баары жолунда. Эми иштегенге эч ким тыюу салбайт. Тапкандарыбызды бөлүп алышчу, бир дүкөн ачканыбызда тапкан кирешебиздин жарымын алып коюшчу. 20 миллион лирамды тартып алышты. Бир тыйынсыз калдым. Жегенге эч нерсем жок эле»,- деди.



Тектеш кабарлар