Хами Аксой: «С-400дөн баш тартпайбыз, Патриот дагы ала алабыз»

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 8-январда «Түрк агымы» долбоорунун ачылышы үчүн президент Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келет.

1319129
Хами Аксой: «С-400дөн баш тартпайбыз, Патриот дагы ала алабыз»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Орусиянын президенти Владимир Путиндин 8-январда «Түрк агымы» долбоорунун ачылышы үчүн президент Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга келе турганын маалымдады.

Тышкы иштер министрлиги сапарда эки тараптуу карым-катнаштар жана Сирия темаларынын карала турганын жарыялады.

Министрликтин катчысы Хами Аксой, жарыясында С-400 абадан коргонуу системасы тууралуу Түркиянын позициясынын өзгөрбөгөнүн, ылайыктуу шарттар түзүлгөн убакта АКШдан «Патриот» системасы дагы алына турганын баса белгиледи.

Аксой: «Орусия менен энергетика кызматташтыгыбыздын маанилүү баскычтарынан бири болсо «Түрк агамы» болуп саналат. Мунун ачылышы 8-январда болот. Акыркы телефондогу сүйлөшүүсүндө Президентибиз Орусиянын президенти Путинди ачылышка катышууга чакырды. Ал болсо кабыл алды бул чакырууну. Эки жактуу темалар менен катар Сириядагы абалдар да каралат»,деген серебин салды.

Хами Аксой С-400 абадан коргонуу системалары тууралуу, «С-400дөр да келди, жайгашты. Өз коопсуздугубузду камсыздаш үчүн каалаган коопсуздук механизмдерин алабыз. Бул биздин эгемендүү укугубуз. Мындан да баш тартпайбыз. Патриот темасы да жабылган жок, ылайыктуу шарттарда ала алабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар