Өнөр жай министри Мустафа Варанк Татарстандын президенти менен жолугушту

19 – Эл аралык механикалык инженерия жарманкесине катышуу үчүн Татарстанга барган Варанк президент Минниханов менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

1318182
Өнөр жай министри Мустафа  Варанк Татарстандын президенти менен жолугушту

 Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк кечээ Татарстандын президенти Рүстем Минниханов менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тармактарын карап чыгышкандарын белгилеп : «Өзгөчө адал тамак  - аш жана информатика технологиялары тармактарында түзө ала турган кызматташууларга карата пайдалуу сүлөшүүлөрдү өткөрдүк. Мындан кийин ылдам түрдө жаңы инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгабыз»,- деди.

19 – Эл аралык механикалык инженерия жарманкесине катышуу үчүн Татарстанга барган Варанк президент Минниханов менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жана 45 минутага созулган жолугушууда Түркия менен Татарстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык темалары каралды.

Министр Варанк жана Татарстандын президенти Минниханов жолугушуудан кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрдү. Түркиянын Орусия менен карым  - катнаштарында Татарстандын маанилүү экендигин айткан Варанк тарыхый карым  - катнаштар менен бирге өлкөдө 140ка жакын түрк фирмасынын 2, 5 миллиардга жакын инвестициясынын бар экендигин айтты.

Варанк : «Бул фирмалар Орусия жана Татарстан экономикасына пайдалуу болуп, Түркиядан да экспортко салымын кошууда»,- деди.

Татарстандын президенти Минниханов да түрк фирмаларынын Татарстан экономикасынын өнүгүшүндө ойногон ролуна көңүлдөрдү бурду.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путиндин ортосундагы жылуу карым  - катнаштын оң таасирлеринин бар экендигин белгилеген Татарстандын президенти Рүстм Минниханов эки лидер ортого салган 100 миллиард долларлык соода көлөмү максатын ишке ашыруу үчүн иштешкендерин айтты.



Тектеш кабарлар