«Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсү» аттуу китеп үч тилде жарык көрдү

Түркия ДЕАШтын кол салууларынан эң көп жабыркаган өлкө болуп саналат.

1316656
«Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсү» аттуу китеп үч тилде жарык көрдү

Түркиянын, террордук уюм ДЕАШтын жараткан коркунучтарына жана буларды жок кылууга карата коопсуздук операциялары түшүндүрүлгөн «Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсү» аттуу китеп окурмандарга таанытылды.

Анадолу агенттигинин жарыялаган кабарлары менен даярдалган, Түркиянын террордук уюм ДЕАШтын жараткан коркунучтарына жана буларды жок кылууга карата коопсуздук операциялары түшүндүрүлгөн китеп түрк, англис жана араб тилдеринде жарык көрдү.

ДЕАШтын пайда болушу, жайылуусу жана кыйрашы, Иракта жайылуусу, дүйнөдөгү кол салуулары, корбашчылары, Түркияда кылган кандуу кол салуулары жана өлкөнүн ДЕАШка каршы күрөшүү көрсөткүчү түшүндүрүлгөн китеп «Евфрат калканы» операциясын да камтууда.

Китептин баш сөзүн жазган Анадолу агенттигинин Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директор Шенол Казанжы, Түркиянын Ирак менен Сирияга коңшу болушу жана чет элдик террористтердин өтүү багытында орун алышы, ДЕАШ коркунучуна эң көп дуушар болгон өлкө болушуна алып келгенин белгиледи.

Ислам дүйнөсүндө мисал көрсөтүлгөн Түркиянын, бул жагы менен да күчүн дин кыянаттыгынан алган террордук уюм ДЕАШтын максаттаган өлкөлөрдүн башында турганына көңүл бурган Казанжы, уюмдун Түркияда 2014-жылдын март айынан тарта террордук кол салууларын ишке ашыра баштаганын бирок Түркиянын бул күнгө чейин эле 2013-жылдын 30-сентябрында уюмду террордук тизмеге киргизип так мамилесин көрсөткөндүгүн айтты.

Казанжы, ДЕАШ террорунан эң көп жабыркаган өлкө болгон Түркиянын, дүйнөлүк түйүнүн ылдам кеңейткен, Батыш өлкөлөрүндө да кандуу кол салууларды ишке ашырган уюмга каршы күрөшүүдө башынан бери алдыңкы катарларда турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар