Президент Эрдоган Лондонго барды

Эрдоган, НАТОнун Мамлекет жана өкмөт башчыларынын Саммттине катышуу үчүн Лондонго барды.

Президент Эрдоган Лондонго барды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОнун Мамлекет жана өкмөт башчыларынын Саммттине катышуу үчүн Лондонго барды.

Президент Эрдоганды Станстед аба майданында Улуу Британиянын канышасы Элизабет 2-нин регионалдык өкүлүнүн орун басары, лорд Винсент Томпсон, Улуу Британиянын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Дэвид Пирей, Түркиянын Лондондогу элчиси Үмит Ялчын жана Элчилик кызматкерлери тосуп алышты.

Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, казына жана каржы министри Берат Албайрак, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, АК Партиянын Измирден эл өкүлү Бинали Йылдырым, Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Лондонго коштоп барышты.



Тектеш кабарлар