Өмер Челик, Макронго «Сиздин Малиде эмне ишиңиз бар?» деп каршылык көрсөттү

Өмер Челик АК Партиясынын борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышы тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

Өмер Челик, Макронго «Сиздин Малиде эмне ишиңиз бар?» деп каршылык көрсөттү

  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясынан тынчсызданган Франциянын президенти Эммануэль Макронго «Сиздин Малиде эмне ишиңиз бар?» деп каршылык көрсөттү.

Өмер Челик партиясынын борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышы тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

НАТО шериктештеринин жикчил террордук уюм ПЙД/ПККга колдоо көрсөткөнү баса белгиленип бир жагдай бар экенине токтолгон Челик: «НАТОнун колдошуусу эч качан бир беткей болбойт. Кош стандарттуулуктун башында турган лидерлердин сап башында Макрон турат. Террордук уюмдун башкаруучуларына  эң көп жолугушууга барган да Макрон болду. Франция НАТОго кандай салым кошууда билбейбиз. «НАТОнун мээси өлдү» деп айтып акыл эске сыйбаган билдирүү таратты. «Түркиянын Сирияда эмне иши бар?» дейт. Түркиянын Сирияда эмне иши болгону белгилүү. Террор менен күрөшүүдөбүз. Түркия Европанын коопсуздугун камсыздоодо. Макрондон суралышы керек болгон суроо «Сиздин Малиде эмне ишиңиз бар? Же Африканын ар кайсы жерлеринде эмне ишиңиз бар?» БУУнун токтому болбостон кылган операциялар эмне максатка кызмат кылат?»,-деп айтты.

Түркия менен Ливиянын ортосундагы меморандум менен тарыхый кадам ташталганын да белгилеген Челик: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде жаңы баскычка өтүлдү. Түркия-Ливиянын ортосундагы келишимдин эл аралык эрежеге шайкештиги темасында тайсалдоо жок. Египет Түркияга каршылык көрсөтүш үчүн грек тезистери менен кыймыл кылууда. Бул тезиске колдоо көрсөтүүсүнүн себебинен 40 миң чарчы чакырымдык аянтынан ажырады. Грек тезистери Египет калкына дагы терс түшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар