Эрдоган Лондондо атуулдар менен жолугуп өттү

Эрдоган, бул жерде бир журналисттин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган Лондондо атуулдар менен жолугуп өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОнун Мамлекет жана өкмөт башчыларынын Саммттине катышуу үчүн Лондонго барды.

Президент Эрдоганды Станстед аба майданында Улуу Британиянын канышасы Элизабет 2-нин регионалдык өкүлүнүн орун басары, лорд Винсент Томпсон, Улуу Британиянын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Дэвид Пирей, Түркиянын Лондондогу элчиси Үмит Ялчын жана Элчилик кызматкерлери тосуп алышты.

Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, казына жана каржы министри Берат Албайрак, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, АК Партиянын Измирден эл өкүлү Бинали Йылдырым, Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Лондонго коштоп барышты.

Президент Эрдоган, андан кийин мейманканага өттү. Бул жерде жашаган түрк атуулдары президент Эрдоганды урматтоо менен тосуп алышты. Алардын кызыгууларын жоопсуз калтырбаган Эрдоган, жубайы Эмине Эрдоган менен бирге унаасынан түшүп атуулдардын жанына барып аларга салам берди.

Эрдоган, бир журналисттин «Эртең Саммит бар, бирок анын алдында Сирия жыйналышында чогуласыздар. Эмнелерди ойлоодосуз, эмнелер сүйлөшүлөт?» деген суроосуна, бүгүн кечте болуучу жыйналыштын көбү Сирия темасы тууралуу болоорун айтты.

Англия, Франция жана Германия да катыша турган жыйналышты төрттүк түрүндө ишке ашыра тургандарын айткан Эрдоган: «Кыска мөөнөттүү жолугушуу болот. Өзгөчө Сириядагы акыркы абалдарды талкуулоо мүмкүнчүлүгүбүз болот. «Тынчтык булагы» операциясындагы абалдар кандай, кайда жеттик, эмне болууда? Буларга баа беребиз, бирок бир эле убакта албетте бул өлкөлөр коалициялык күчтөрдүн ичинде орун алгандары үчүн коалициялык күчтөрдүн курамында өздөрүнүн милдеттерин канчалык аткарышты, канчалык аткарышат жана биз даярдаган план, долбоорлор темасында да алар колдогон эмнелер болушу мүмкүн? Ошолорду сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүбүз болот деп ойлойм. Алардын бизден талаптары эмнелер болот? Аларды дагы уккан болобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар