УКМ, ДЕАШтын жок болбой жатышына ПКК/ЙПГга көрсөтүлгөн колдоо себеп болгонун билдирди

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Түркиянын «Евфрат калканы» операциясында аянтта ДЕАШ менен бетме-бет күрөшүп 3 миңден ашуун террористти жок кылган жалгыз НАТО жана коалиция өлкөсү болгону эске салынды.

УКМ, ДЕАШтын жок болбой жатышына ПКК/ЙПГга көрсөтүлгөн колдоо себеп болгонун билдирди

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Сирияда Евфраттын чыгышындагы баш аламандыктын себебинин жана ДЕАШ террордук уюмунун дагы деле майда топ түрүндө болушундагы эң башкы себептин ПКК/ЙПГ террордук уюмуна көрсөтүлгөн колдоо болгонун жарыялады.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Түркиянын «Евфрат калканы» операциясында аянтта ДЕАШ менен бетме-бет күрөшүп 3 миңден ашуун террористти жок кылган жалгыз НАТО жана коалиция өлкөсү болгону эске салынды.

Түркиянын АКШ менен 17-октябрда түзүлгөн макулдашуусунун алкагында ДЕАШ тууралуу жоопкерчиликтерин орундатканына карабастан, Тель Абьяд абагындагы ДЕАШ мүчөлөрүнүн ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан бүткүл дүйнөнүн көз алдында эркин кое берилгенин белгилеген жарыяда буларга орун берилди: «Евфраттын чыгышындагы баш аламандыктын себеби жана ДЕАШ террордук уюмунун дагы деле кичине топ түрүндө болушундагы эң чоң таасир кызматташтык кылышкан ПКК/ЙПГ террордук уюму жана бул террордук уюмуна көрсөтүлгөн колдоо болуп саналат».

«Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы баш аламандуу түзүлүштү жеңип чыккан, ДЕАШ баш болгон ПКК/ЙПГ террордук уюмдары менен өзү жалгыз кармашкан Түркиянын, Коопсуз аймак түзүү жагынан тажрыйбасы, күчү, гуманитардык мамилелери жана так долбоорлору менен бардык жоопкерчиликтерди жеңип чыга турганы баса белгиленди.

Террордук уюмдар ДЕАШ жана ПКК/ЙПГнын бирдей эле максатка кызмат кылганын, НАТОнун мүчөсү болгон Түркияга кол салып чындыгында НАТОго зыян тийгизүүнү максаттаганы белгиленген жарыяда, «Ушул себептен бул эки уюмдун тең Сирия жана Ирактан кийин эң көп кол салган өлкөнүн Түркия болушу, бул жашыруун уюмдардын максаттарын ачыкка чыгарып турат»,делди.



Тектеш кабарлар