Осмон архитектурасын чагылдырган «Абдулхамид Хан II» мечити ачылды

Мечитте бир убакта 6 миң киши намаз окуй алат.

1314884
Осмон архитектурасын чагылдырган «Абдулхамид Хан II» мечити ачылды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Диянет фонду тарабынан пайдубалы төрт жыл мурда түптөлгөн Жибутидеги «Абдулхамид Хан II» мечити жана комплексинин ачылышын ишке ашырды.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Шентоп, Осмон архитектурасын чагылдырган «Абдулхамид Хан II» мечити жана комплексинин Жибути элине кайырлуу болушун тиледи.

Түркия менен Жибутинин дос жана тууган экенине көңүл бурган Шентоп, бул мечиттин Түркия менен Жибутинин ортосундагы карым-катнаштардын так белгиси экенин баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 2015-жылдагы Жибутиге сапары убагында президент Исмаил Өмер Галлехтин өлкөсүндө Осмон архитектурасынын издерин чагылдырган мечиттин болушун каалаганын жана асманында Стамбул ыкмасындагы азанды уккусу келгендигин айтканы боюнча салынган мечитте, бир учурда 6 миң киши намаз кыла алат.

Мечит менен комплекси, өлкөнүн маанилүү порт шаары Жибутиде Президенттик сарайы да жайгашкан Salines Ouest районунда деңиз толтурулуп 13 миң чарчы метрдик аянтка курулду.



Тектеш кабарлар