«Jambinai» тобу Түркияда концерт коет

Бул туурасында Корей элчилиги маалымат берди.

«Jambinai» тобу Түркияда концерт коет

Түштүк Кореялык белгилүү музыкалык топ «Jambinai» 4-декабрда Аданада концерт коет.

Корей элчилигинин Маданият борборунун маалыматына караганда, өлкөнүн белгилүү пост-рок музыка тобу «Jambinai» 4-декабрда Адана мэриясынын концерт жана театр залында өткөрүлө турган иш-чарада музыка сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Концертте заманбап музыка менен Түштүк Кореянын салттуу музыкасы көрүүчүлөргө тартууланат.

Саат 19.00да баштала турган концерт орто эсеп менен 1 саат 15 мүнөткө созулмакчы.



Тектеш кабарлар