Түркияда иштелип чыккан жасалма жүрөк аппараты АКШда таанытылды

Вейт симпозиумунда көрсөтүлгөн аппараттар абдан жактырылды.

1309595
Түркияда иштелип чыккан жасалма жүрөк аппараты АКШда таанытылды

Түркияда иштелип чыккан жасалма жүрөк аппараты, АКШда уюштурулган хирургия жаатында дүйнөгө белгилүү Вейт симпозиумунда 20дан ашуун түрк дарыгери тарабынан таанытылды.

Түрк илимпоздору кан тамыр тармагында иштеп чыгышкан «Invamed ve RD Global» брендиндеги медициналык аппараттар, Нью-Йоркто быйыл 46-жолу уюштурулган жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн 70тен ашуун фирмадан 4 миң 500 чакты киши катышкан Вейт симпозиумунда көрсөтүлдү.

Түркиянын саламаттык сактоо федерациясынын төрагасы Рашит Динч, симпозиумда таанылган түрк аппараттары жөнүндө маалымат берди.

Бул симпозиумга өзгөчө Түркияда иштелип чыккан аппараттардын басым жасаганын айткан Динч: «Түркияда жыл сайын чоң жетишкендиктер болуп жатат. Учурда дүйнө жүзү Түркиянын иштеп чыккан жасалма аппаратын варикоз операцияларында колдонгон «Turkish glue» жана кан тамыр роботторунан сөз кылып жатат»,-деди.

Кан тамыр роботторунун негизинде эми чурай тамырларынан кирип жүрөк кан тамырларынын ачыла алаарын жана Түркияда мээден уюган канды чыгарган медициналык аппараттардын иштелип чыкканын түшүндүргөн Динч: «Учурда Түркияда жасалган жергиликтүү жана улуттук аппараттардын 60 пайызы экспорттолот, келээрки жылы буюрса АКШга да баштайбыз жана бул симпозиум аркылуу 100дөн ашуун өлкөдөн өзгөчө кан тамыр хирургдары биздин медициналык аппараттарыбыз менен таанышты. Аппараттар абдан жактырылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар