Памуккале 10 айда 2, 3 миллион туристти тосуп алды

Памуккале октябрь айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 43 пайыздык өсүү менен 284 миң 498 туристти тосуп алды.

1305809
Памуккале 10 айда 2, 3 миллион туристти тосуп алды

Өткөн жылы Түркияда туристтер эң көп кыдырган жерлердин төртүнчүсү болгон Памуккале бул жылдын 10 айында 2 миллион 357 миң туристти тосуп алып рекордго жетти.

Денизли облусундагы травертиндери,  байыркы калдыктары, шыпаалуу суулары менен дүйнөгө белгилүү Памуккале жылдын 10 айлык мезгилинде турист санын 2 миллион 357 миңге жеткирип бул жылы рекорддоруна жаңысын кошту.

Облустук маданият жана туризм директорлугунун маалыматтарына караганда өткөн жылы 2 миллион 128 миң 880 туристти тосуп алган Памуккале бул жылы 10 айда бул санды ашып 2 миллион 357 миң 152ге жеткирди.  

Түркияда өткөн жылы эң көп кыдырылган төртүнчү  жер болгон Памуккале октябрь айында өткөн жылдын ушул эле айына караганда 43 пайыздык өсүү менен 284 миң 498 туристти тосуп алды.

Денизли туристтик мейманканачылар жана операторлор коомунун төрагасы Гази Мурат Шен бул жылы өзгөчө Ыраакы Чыгыш өлкөлөрү, Россия, Германия жана Түштүк Америкадан туристтердин көп келгендигин, чет элдик туристтердин маанилүү бөлүгүнүн узун мөөнөттүү Түркия турларына катышкандыгын, мунун турист башына алынган  кирешени да өстүргөндүгүн белгиледи.

 



Тектеш кабарлар