Сирияда Түркия менен Орусиянын бешинчи күзөт иштери уланууда

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Орусия менен 2019-жылдын 22-октябрында Сочиде жетишилген меморандумдун алкагында күзөт иштеринин уланганы белгиленди.

1305230
Сирияда Түркия менен Орусиянын бешинчи күзөт иштери уланууда

Улуттук коргоо министрлиги Евфраттын чыгыш жагында Айн-эль-Араб аймагында аткарылган Түркия-Орусия бешинчи кургактык күзөт иштеринин провокаторлордун үгүттөөлөрүнө карабастан керектүү кылдаттык жана аяр мамиле көрсөтүлүп уланып жатканын билдирди.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Орусия менен 2019-жылдын 22-октябрында Сочиде жетишилген меморандумдун алкагында күзөт иштеринин уланганы белгиленди.

Анда, «Айн-эль-Араб аймагында аткарылган Түркия-Орусия бешинчи кургактык күзөт иштеринин провокаторлордун үгүттөөлөрүнө карабастан кызматкерлерибиздин жана элдин коопсуздугу тууралуу керектүү кылдаттык жана аяр мамиле көрсөтүлүп уланып жатат»,деген билдирүүгө орун берилди.

 



Тектеш кабарлар