Улуттук коргоо министри Хулуси Акар ПЙДнин Сириядан чыга электигин айтты

Министр Акар CNN International каналында Бекки Андерсондун  күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

1302776
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар ПЙДнин Сириядан чыга электигин айтты

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар ПКК террордук уюм менен Сириядагы уландысы ПЙДнин чыгышы керек болгон аймактардан чыкпагандыгын айтты.

Министр Акар CNN International каналында Бекки Андерсондун  күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

Андерсондун Түркиянын Сириянын түндүк  - батышында ЙПГ/ПКК террордук уюмуна каршы жүргүзгөн Тынчтык булагы операциясына байланыштуу суроолоруна жооп берген Акар Түркиянын Сириянын жана башка бардык коңшуларынын саясий биримдик жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөндүгүн айтты.

Министр Акар : «Биз операцияны ишке ашырып жатканда эч бир басып алуучулук, кийлигишүү же башка бир нерсе кылбайбыз. Бул жерде бир гана террордук уюмдарга каршы кыймылды аткаруудабыз»,- деди.

Акар : «Россия жана АКШ ЙПГ/ПККнын бул аймактардан чыгарыларына байланыштуу убада берди. Бирок азыр да ЙПГ террористтери тарабынан көп сандаган эреже бузуу бар жана биз да булар менен күрөшүүдөбүз. Ошол эле учурда Россия жана АКШ менен кызматташуу түзүп, алардан ЙПГ/ПККны ал аймактардан чыгарууларын талап кылуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар