Террористтерге таандык ок-дарылар табылды

Тель-Абьядда Түрк куралдуу күчтөрүнүн издөө-тинтүү иштери уланып жатат.

Террористтерге таандык ок-дарылар табылды

«Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта жайгашкан Сириянын Тель-Абьяд районунда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ террористтерине таандык көпчүлүгү минометтун окторунан турган жалпы 285 оор курал ок-дарылары табылды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Тель-Абьядда Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан издөө-тинтүү иштери улантылып жатат.

Ушул алкакта террордук уюм ПКК/ЙПГнин тузакка койгон мина жана жарылуучу заттары менен бирге уюмга таандык ок-дарылар дагы аныкталып жок кылынууда.

Буга караганда, Тель-Абьядда акыркы жолу 32 даана Катюша октору, 18 даана 82 миллиметрдик, 221 даана 106 миллиметрдик жана 14 даана 120 миллиметрдик минометтун окторунан турган жалпы 285 ок-дары табылды.



Тектеш кабарлар