Хами Аксой : "Грециянын түрктөргө кылган зулумчулугун унуткан жокпуз"

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Грециянын системалуу түрдө аймактагы түрк жана мусулмандарды жок кылышы абдан жакшы билинген чындык экендигин белгиледи.

Хами Аксой : "Грециянын түрктөргө кылган зулумчулугун унуткан жокпуз"

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Осмон императорлугунан көз карандысыздык процессинде жана андан кийин Грециянын системалуу түрдө аймактагы түрк жана мусулмандарды жок кылышы абдан жакшы билинген чындык экендигин белгиледи.

Хами Аксой Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Армения сапарында 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу берилген бир суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Герциянын Түркияга каршы чөйрөлөрдүн жанында орун алууну жана бул чөйрөлөрдүн Түркияга каршы көз караштары менен мамилелерине колдоо берүүнү уланткандыгын айтканАксой : «Биз да Грециянын тарыхта түрктөргө жана башка осмондук жарандарына жасаган зулумчулуктарын эч качан унуткан жокпуз. Осмон империясынан көз карандызыдык процессинде жана андан кийин Грециянын системалуу түрдө аймакта жашаган түрк жана мусулмандарды жок кылышы абдан жакшы билинген чындык»,- деди.

Грециянын бүгүн да өлкөсүндөгү түрк азчылыкка карата адамзаттык тышы мамилелерин, муфтийлерине жума намазын окуду деген негиз менен абак жазасын бере турганчалык абалга келгендигине көңүл бурган Аксой :

«Тарыхта душмандык эмес, тынчтык жана бир туугандык жолунда сабак алуу керектигине ишенген Түркия бул тарыхый чындыктарды да албетте билип турат. Өлкөбүзгө каршы кыймылдарды колдоо Грецияга эч бир  пайда алып келбей тургандыгын кайрадан эске салабыз»,- деди.

«Эки өлкөнүн арасындагы карым  - катнаштарда жакшы коңшулукту жактаган тарап болуунун, аймагыбызда тынчтык, ырааттуулук жана бейкуттуктун колдоого алынышынын бир гана жолу деген ой менен Грецияны мындан кийин дагы да жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырамын. Бир тараптан 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу Түркиянын мамилеси урматтуу президентибиз премьер  - министр болуп турган кезде, 2014 – жылы 23 – апрелде берген маалыматында так түрдө ортого салынган. Башка бир нерсе айтуунун кереги жок»,- деди.

 



Тектеш кабарлар