Эрдоган Венгрияда маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинде бир канча мүчө өлкөнүн эки тараптуу маселесинин Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын барымтага албашы керектигин айтты.

1302483
Эрдоган Венгрияда маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинде бир канча мүчө өлкөнүн эки тараптуу маселесинин Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын барымтага албашы керектигин айтты.

Эрдоган, расмий сапар менен барган Венгрияда премьер-министр Виктор Орбан менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Венгриянын Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине кошкон салымы абдан баалуу экенин белгилеген Эрдоган: «Чындап эле урматтуу Премьер-министрдин бул темада көрсөткөн колдоосуна ар дайым ырахмат айтамын, муну өзгөчө белгилей кетким келет. Европа Биримдигинин акыркы мезгилде өлкөбүзгө карата кылган мамилеси иштиктүү болуудан алыс экени шексиз. Бир канча мүчө өлкөнүн эки тараптуу маселесинин Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын барымтага албашы керек. Биримдик бул мамилеси менен негизинен өз кызыкчылыктарына да зыян тийгизүүдө. Түркиянын толук мүчөлүгүнүн Биримдикке кошо турган баалуулугу туура түшүнүлүшү керек»,-деп айтты.

Айрым стратегиялык өнөктөштөрдүн террордук уюмдардын башчылары менен жолугушуулары, колдошуулары болгонунан капа болгондорун айткан Эрдоган: «Террордун жана террористтин жакшысы, «меники сеники» деген түшүнүк болбойт. Эгер бул күрөштү жүргүзө турган болсок чечкиндүү жүргүзөбүз»,-деди.

Президент, Вишеград төрттүгү менен карым-катнаштарын дагы өнүктүрүүгө чечкиндүү болгондорун белгилеп, премьер-министр Орбанга (Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жүргүзүлгөн) «Тынчтык булагы» операциясына көрсөткөн колдоосунан улам ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар