Түркия Багдадинин жакындарын камакка алды

Бул туурасында Коммуникация башчысы Алтун билдирди.

1301702
Түркия Багдадинин жакындарын камакка алды

Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, террордук уюм ДЕАШтын өлтүрүлгөн корбашчысы Эбубекир аль-Багдадинин аялы менен бирге бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн камакка алынгандыгын билдирди.

Фахреттин Алтун Твиттер баракчасынан, ДЕАШтын корбашчысы аль-Багдадинин аялынын кармалышына байланыштуу билдирүүсүн англис тилинде бөлүштү. Алтун буларды белгиледи: «Түркия ДЕАШтын корбашчысы Багдадинин аялы менен бирге бардык үй-бүлө мүчөлөрүн камакка алды. Террордук уюмдарга каршы чечкиндүү күрөшүүбүздөн шек санагандар, Түркиянын ДЕАШ, ПКК, ЙПГ же берки террордук уюмдарга мүчө террористтерди кармоодогу ийгиликтүү тажрыйбасын дагы бир жолу карап чыгышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар