Эрдоган Венгрияга аттанды

Президент Эрдоганды вице-президент Фуат Октай жана ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен берки жетекчилер узатышты.

1301916
Эрдоган Венгрияга аттанды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия-Венгрия жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында расмий сапар менен Венгрияга аттанды.

Эрдоган Эсенбога аэропортунда өткөргөн маалымат жыйынынан кийин Түркия убактысы боюнча саат 10.37де  Венгрияга учуп кетти.

Президент Эрдоганды вице-президент Фуат Октай жана ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен берки жетекчилер узатышты.

Эрдоган менен бирге жубайы Эмине Эрдоган, үй-бүлө, эмгек жана коомдук кызматтар министри Зехра Зүмрүт Селчук, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, транспорт министри Жахит Турхан, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, соода министри Рухсар Пекжан, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары Жевдет Йылмаз, коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Венгрияга кетти.

 



Тектеш кабарлар