Октай жаштарды кабыл алды

Президенттин орун басары сөз сүйлөөсүндө жаштардын маанисине басым жасады.

1301232
Октай жаштарды кабыл алды
fuat oktay kktc'li gencler.jpg

Президенттин орун басары Фуат Октай, Кипрде бир дагы адамдын мурдунун канашына Түркиянын эч качан жол бербей турганын айтты.

Октай Президенттиктин комплексинде Түндүк Кипр Түрк Республикасынан келген жаштарды кабыл алуусунда сүйлөгөн сөзүндө, жаштардын Кипр менен Түркиянын ортосунда келечекке карата күчтүү көпүрөлөрдүн арттырылышына чоң салым кошо тургандарын белгиледи.

Түркияда жана Түндүк Кипрде жаштардын маселелерди чечүү үчүн саясатта роль алуулары жана тикесинен тик турууларынын маанилүү экенин айткан Октай: «Өз келечегиңизге карата сөз ээси болушуңуз керек»,-деди.

Фуат Октай Кипр маселесин чечүүдө керектүү шарттарынын эки тараптын тең саясий теңдиги экенин билдирди.

Азчылык принцибине караганда тынчтыкты орнотуунун мүмкүн болбогонун баса белгилеген Октай, аймактагы мунай зат булактарына токтолуп: «Эгерде аралда эки калк жашаса, бул адилеттүү бөлүштүрүү болушу керек. Бул байлыктар аралда жашагандарга таандык жана эки тарапка тең бирдей бөлүштүрүлүшү зарыл»,-деди.

Кипрде бир дагы адамдын мурдунун канашына Түркиянын эч качан жол бербей турганын баса белгилеген Октай: «Ким эмне десе десин, эмне жасаса жасасын, кааласа дүйнө жүзү көтөрүлсүн. Бизге эч ким тоскоол боло албайт. Түркиянын күчтүү болушу Кипрдин күчтүү болушун билдирет. Сиздердин өзүңүздөргө болгон ишеним жана ийгилигиңиз биз үчүн абдан маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар