Террористтер жөнүндө маалымат берген кишиге 10 миллион лирага чейин сыйлык берилет

Сыйлыктын суммасы кайрадан белгиленди.

1300285
Террористтер жөнүндө маалымат берген кишиге 10 миллион лирага чейин сыйлык берилет

Террор кылмышкерлерин билдиргендер үчүн берилген сыйлыктын суммасы кайрадан белгиленди.

Расмий гезитте жарыяланган түзөтүүгө караганда; террористтердин кармалышына жардамчы болгондорго бериле турчу акчалай сыйлык 200 миң лирадан ашпайт.

Бериле турчу сыйлыктын суммасы; билдирилген маалымат, ачыкка чыга турчу кылмыш же болбосо изделген кылмышкер эске алынып белгиленет.

Бирок террорист жогорку рангадагы корбашчы болсо сыйлык 50 эсе көбөйөт.

Террордук уюмдун жетекчилерин кабарлаган адамга 10 миллион лирага чейин сыйлык бериле алат.

Сыйлыктын алынышы үчүн билдирилген маалыматтар кылмышкерди ачыкка чагарууга же далилдердин табылышына же болбосо кылмышкерлердин кармалышына жардамчы боло тургандай таризде болушу керек.

Сыйлыкты ала турчу киши аскердик кызматкер же чалгындоо кызматынан кеткен кишилер болбошу керек, жалгыз эле түрк жарандары болушу да шарт эмес.

Бир киши бирден көп кылмышты билдирип же бирден көп кылмышкердин кармалышына жардамчы болсо, сыйлыктын суммасы ар бир кылмыш жана кылмышкер үчүн өз-өзүнчө белгиленет.

Сыйлыкты ала турчу кишинин аты-жөнү жашыруун болот.



Тектеш кабарлар