Йемендин тышкы иштер министринен Түркияга мактоо

Йемендин тышкы иштер министри Мухаммед ел  -  Хадрами Түркиянын өлкөсүнө берген колдоо жана бир топ тармактагы жардамдарынан мактоо менен сөз кылды.

1300754
Йемендин тышкы иштер министринен Түркияга мактоо

 Йемендин тышкы иштер министри Мухаммед ел  -  Хадрами Түркиянын өлкөсүнө берген колдоо жана бир топ тармактагы жардамдарынан мактоо менен сөз кылды.

Йемен расмий маалымат агенттиги САБАнын кабарына караганда министри Хадрами Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда Түркиянын Йемен элчиси Фарук Бозгөздү кабыл алды.

Хадрами Түркиянын Йеменге берген колдоосу жана бул өлкөдө жүргүзгөн жардамдарынан мактоо менен сөз кылды.

Элчи Бозгөз да Түркиянын Йемен президенти Абдураббу Мансур Хадинин лидерлигиндеги легитимдүү башкарууга БУУнун Йеменде тынчтыкты куруу аракеттерине колдоо бергендигин баса белгиледи. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана бул кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдору да каралды.

Түркия бир топ коомдун арачылыгы менен Йеменде согуштан улам жерлеринен кеткен качкындарга жана жакыр үй  - бүлөлөргө жардам берүүдө.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн арасында кагылышуулар болууда. Хусилер 2014 -  жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана башка кээ аймактардын  текшерүүсүн колго алып, Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 -  жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар