Эрдоган:«Керек болсо коопсуз аймак аянтын кеңейтебиз»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1297291
Эрдоган:«Керек болсо коопсуз аймак аянтын кеңейтебиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда коопсуз аймактын тышынан келе турган кол салууларга эң катуу түрдө жооп кайтара тургандарын жана керек болсо коопсуз аймак аянтын кеңейте тургандарын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, «Түркияны Сирия, Ирак, Ливия сыяктуу кыла тургандарын ойлогондорго алардын ийиндерине чейин кирип, ишенген тоолорун баштарына кулатып жообубузду бердик»,-деди.

Түркиянын жаңы Боштондук согушун жүргүзүп жатканын жана жеңишке карай кадам-кадам илгерилеп баратканын белгилеген Эрдоган: «Тынчтык булагы операциясы башталгандан бери чет өлкөдөн, өзгөчө Европада террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан өлкөбүзгө каршы 700 чакты кыймыл ишке ашырылды»,-деди.

Эрдоган: «Көпчүлүгү биз менен НАТОдо чогуу, булардын көпчүлүгү учурда сүйлөшүп жаткан Европа Биримдигинде биздин теңибиз. Булардын бардыгына карабастан бул кыймылдар булардын өлкөлөрүндө, ал эмес булардын полицияларынын көзөмөлүндө жасалууда. Түркиянын пайдасына кымындай да сөзгө же мамилеге уруксат бербегендер, өз өлкөлөрүндө террордук уюм деп кабыл алган ПККнын символдорунун көчөлөрүндө ташылып жүрүшү үчүн ар түрдүү жеңилдикти көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Тынчтык булагы операциясы болгон аймакта 4129 чарчы чакырымдык аянттын ичиндеги 558 отурукташкан жер 900дөн ашуун террорист жок кылынып тазаланган болду»,-деди.

Европа баш болгон террордук уюмдарды колдогон өлкөлөргө үн каткан Эрдоган: «Жаңылыш кылуудасыңыз. Бүгүнкү күнү өз колдоруңуз менен баккан террор жылааны акыры айланып сизди дагы чагат, муну ушундай көрүңүздөр»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн өз атуулдары болгон террористтерди кайтарып албаш үчүн ойт берип жатканын баса белгилеген Эрдоган: «ДЕАШта сиздин террористтериңиз бар. «Кана алгыла» дегенде качуудасыз, албай жатасыз. Бул террористтерди сиз жетилттиңиз эмне үчүн албайсыз? Ала алышпайт. Эмне үчүн? Анткени бул бир аз мүнөз маселесине кирет»,деген серебин салды.

Президент Эрдоган: «Булар (Батыш өлкөлөрү) жабырлануучу жана эзилгендин жанында эмес, эч качан мындай кадам таштоо ниеттери да жок. Булар бир гана өлтүргөндү билишет, бир гана курал сатууну билишет. Мунай зат дегенде дароо келишет, мунай затка басышат, мындан эч артка калышпайт. Анткени булар үчүн мунай заттын бир тамчысы миңдеген адамдын канына тете. Булар мына ушундай түзүмдүн ичинде»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар