Түркия оңдогон Тель Абяд ооруканасы оорулууларды кабыл ала баштады

Сириянын Тель Абяд районунда террористтер качып баратып  өрттөгөн оорукана, саламаттык сактоо министрлиги тарабынан оңдолгондон кийин оорукана оорулууларды кабыл ала баштады.

1296556
Түркия оңдогон Тель Абяд ооруканасы оорулууларды кабыл ала баштады

«Тынчтык булагы» операциясынын негизинде ЙПГ/ПКК террордук уюмунан тазаланган Сириянын Тель Абяд районунда террористтер качып баратып  өрттөгөн оорукана, саламаттык сактоо министрлиги тарабынан оңдолгондон кийин оорукана оорулууларды кабыл ала баштады.

Түркиянын түштүк чек арасында курууга аракет кылынган террордук коридорду жок кылуу, аймакка тынчтык жана бейкуттукту алып келүү максатында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндө ЙПГ/ПКК жана ДЕАШ террордук уюмдарына каршы башталган жана Сирия Улуттук Армиясынын аскерлери тарабынан колдоого алынган «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде террордон тазаланган Тель Абядда жаралар айыктырылууда.

Тез жардам, төрөт, балдар оорулары, үй  - бүлө дарыгери жана хирургия бөлүмдөрү ишке кирген Тель Абяд ооруканасында котормочу жана сириялык кызматкерлер менен бирдикте 46 саламаттык сактоо кызматкери кызмат кылууда.



Тектеш кабарлар