Рас-эл Айнда террористтер аткан октон бир аскерибиз шейит болду

Рас-эль-Айн аймагында террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтердин кол салуусунан 1 аскер шейит болду.

1295407
Рас-эл Айнда террористтер аткан октон бир аскерибиз шейит болду

«Тынчтык булагы» операциясы болгон аянт Рас-эль-Айн аймагында террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтер тарабынан көп түтүктүү ракета аткыч, миномет жана дочка менен кол салуусунан 1 аскер шейит болуп, 5 аскер жаракат алды.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Тынчтык булагы операциясы болгон аянттын Рас-эль-Айн аймагында чалгындоо-көзөмөлдөө жүргүзгөн топторубузга террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтер тарабынан көп түтүктүү ракета аткыч, миномет жана дочка менен кол салуусунан 1 кызматкерибиз шейит болду, 5 кызматкерибиз жаракат алды. Мыйзамдуу коргонуу укугубуздун алкагында керектүү жооп кайтарылды. Белгиленген буталар жок кылынды»,делди.



Тектеш кабарлар