Түркия АКШ жана Европа Биримдигине Сирия тууралуу жооп берди

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Түркия тууралуу жалааларга жооп берди.

1294761
Түркия АКШ жана Европа Биримдигине Сирия тууралуу жооп берди

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Түркия тууралуу жалааларга жооп берди.

Феридун Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Түркиянын Сириянын түндүгүндө эмне себептен ПКК/ПЙД/ ЙПГ жана ДЕАШка каршы «Тынчтык булагы» операциясын жүргүзгөндүгүнөн сөз кылды.

Синирлиоглу операциянын ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн чектүү чек аранын ары жагында, террорго каршы жүргүзүлгөн операция экендигин белгилеп : «Террор менен күрөшүү операциябызды кол салуу катары көрсөткөн түрдүү жалган билдирүүлөрдү катуу айыптаймын»,- деди.

АКШнын  Түркия колдоо көрсөткөн оппозициячыл күчтөрдүн атайын жарандарды бутага алгандыгы тууралуу ойлоруна жооп берген Синирлиоглу : «Бардык эл аралык укук бузуулар тергөөгө алынышы керек. Буга америкалык жана башка досторубуздун жүргүзгөн операциялары да кириш керек»,- деди.

Түркияны бутага алган туура эмес ойлорду эч качан кабыл алышпай тургандарын белгилеген Синирлиоглу Сирияда чындыктардын ортодо экендигин жана бүткүл дүйнөнүн кимдин жалган айтканын билгендигин сөздөрүнө кошту.

Кээ бир Европа өлкөлөрүнүн коопсуз аймак тууралуу сындарына да жооп берген Синирлиоглу : «Качкындар агымына карата чектерин тикендүү зымдар менен жапкан өлкөлөр, чектеринин тышында бир качкын лагерин курууну каалап жатышкан жана ошол эле учурда 2016 -  жылы Европа Биримдигинин Түркия менен түзгөн качкындар келишиминдеги милдетин орундатышын күтүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар