Фуат Октай: «Коопсуз аймакка 2 миллион сириялыктын кайтып баруусун пландап жатабыз»

«Тынчтык булагы» операциясына берилген тыныгуунун мөөнөтү эртең саат 22.00де аяктайт.

1291903
Фуат Октай: «Коопсуз аймакка 2 миллион сириялыктын кайтып баруусун пландап жатабыз»

Президенттин орун басары Фуат Октай, Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймакка орто эсеп менен 2 миллион сириялык качкындын кайтуусун пландагандарын айтты.

«365 миң качкын өз ыктыяры менен кайткан «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары жүргүзүлгөн аймактардан кийин эми Евфрат дарыясынын чыгыш тарабын аймактын эли үчүн коопсуз абалга айландырууга абдан чечкиндүүбүз. Тель-Абьяд жана Рас-эль-Айндын борборлору менен бирге 65 айыл террордон тазаланып көзөмөлгө алынды. Түзүлгөн коопсуз аймактарда медициналык жана билим берүү менен катар турак жай, жол, электр энергия, суу сыяктуу негизги муктаждыктарды сириялык туугандарыбыз үчүн камсыздап жатабыз»,-деди.

Эртең кечинде Түркия убактысы боюнча саат 22.00де «Тынчтык булагы» операциясына берилген тыныгуунун мөөнөтү аяктай турганын баса белгилеген Октай: «120 сааттык убакыттын аягында террористтер куралдарын таштап аймактан чыгып кеткен болушат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар